akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-08, 11:22

    Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводу 2025-жылы бүткөрүлөт

    Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводунун курулушу келерки жылы аяктайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Учурда долбоор 60% аткарылды. Заводду 2025-жылы ишке киргизүү пландалууда.

    Завод өнөр жай жана граждандык курулуш үчүн цемент чыгарат. Ишкана жылына 1 миллион тоннага чейин цемент өндүрүп, 250-300 адамды жумуш менен камсыздайт деп күтүлүүдө.

    Учурда комбинатта 100 адам иштейт.