Жарыяланган
2024-11-05, 05:00“Түндүк” мобилдик тиркемесинде мүлк салыгы (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) боюнча STI-19, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча STI-20 карызынын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат ала алышат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, жаңы кызмат жарандарга маалымкаттарды алуу үчүн мамлекеттик органга кайрылып, убакытты текке кетирбөөгө мүмкүндүк берет.
“Маалымкат Мамлекеттик салык кызматынан “Билдирме- жооп” ыкмасы менен берилет. Билдирмени (заявка) кароо мөөнөтү 2 жумушчу күнгө чейин созулат”, - деп айтылат билдирүүдө.