akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-01, 12:05

    Былтыркы жылы бюджетке негизги салыктык түшүүлөрдү соода түздү

    Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата өлкөнүн бюджетине салыктык түшүүлөрдүн эң көп үлүшүн камсыз кылган экономиканын негизги тармактары боюнча маалымат берди.

    Кирешелердин көлөмү боюнча лидерликти соода тармагы ээлеп, 70 миллиард сомдон ашык салым кошкон. 2023-жылга салыштырмалуу бул тармактан салыктык түшүүлөр 13,9 млрд сомго көбөйүп, 124,6%га өскөн.

    Ошондой эле олуттуу кирешелер тоо-кен казып алуу жана түстүү металлургия, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, курулуш жана электр энергетикасы тармактарынан алынган. Ошол эле учурда айыл чарбасы салыктын түшүүсү боюнча акыркы орунда болуп, бюджетке 1,04 миллиард сом түшкөн. Буга карабастан, сектор өткөн жылга салыштырмалуу 221,4 млн сомго өсүштү, бул 127%ды түздү.


    Тектеш материалды окуу