Жарыяланган
2022-22-11, 09:35Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ноябрдагы чыгашалары 80 млн 472,2 миң сомду түздү. Бул октябрь айындагы чыгымдарга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.
Каржы министрлигинин кассалык планы боюнча ноябрь айында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аппаратынын чыгашасы 11 млн 415,2 миң сомду, министрликтин алдындагы мекемелердин чыгашасы 70 млн 60 миң сомду түздү. Октябрда бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 5 миллион 855 миң жана 25 миллион 881,8 миң сом болгон. Каржы министрлиги аталган мекеменин чыгашаларынын жалпы суммасы октябрь айында 31 миллион 736,8 миң сомду түзөрүн бекиткен.