Жарыяланган
2024-20-08, 11:3019-августка карата Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 157 миллиард 471,6 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Ички карыз 16-августка салыштырмалуу 600 миллион сомго көбөйгөн. Бул 10 жылдык облигациялар аркылуу мамлекеттик карыз алуунун көбөйүшүнө байланыштуу, анын карызы 45,4 миллиард сомдон 46 миллиард сомго чейин өскөн.
Кошумчалай кетсек, 10 жылдык казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу 16-августта болгон. Облигациянын кирешелүүлүгү 8% купон менен 16% түздү