Жарыяланган
2024-15-08, 03:55Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 14-августка карата 156 млрд 871,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
13-августка салыштырмалуу карыз 537,9 млн сомго азайган. Карыздын азайышы жүгүртүү мөөнөтү жети жыл болгон казыналык облигациялар боюнча карызды төлөөгө байланыштуу.
Баалуу кагаздар 2017-жылдын 11-августунда 16,24% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.