akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-20-02, 04:35

    Мамлекеттик органдарда 2,2 млрд сомдук мыйзам бузуу аныкталды

    Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын планына ылайык, 2023-жылга 443 объектте аудит жүргүзүү пландалып, бирок иш жүзүндө 404 объектиде текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

    Бирок аталган кызмат укук коргоо органдарынын (прокуратура, ички иштер органдары, УКМК), ошондой эле жарандардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин суроо-талаптары боюнча 136 объектиде атайын иликтөө иштерин жүргүзгөн.

    Атайын иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 2 млрд 210,8 млн сомду түздү.

    Пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар менен бирге мамлекетке 3 млрд 83,5 млн сомдук зыян келтирилген.