akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-24-07, 05:00

    Жарым жылда 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

    2024-жылдын алты айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 138 млрд 561,7 млн сом салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген пландан 5 млрд сомдон ашык аткарылган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди. 

    Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөрдүн түшүүлөрү 22 млрд 395,8 млн сомго көбөйүп, же өсүү темпи 119,3%ды түздү. Анын ичинен 101 млрд 254,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулган. План 281,6 млн сомго ашык аткарылган. 

    Былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 16 млрд 807,1 млн сомго көп чогултулган. Өсүү темпи 119,9% түздү. Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 37 млрд 307,3 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 588,7 млн сомго көп. Өсүү темпи 117,6% түздү.


    Тектеш материалды окуу