akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-07-10, 05:20

    Жээнбеков: элдин жашоосу оңолмоюнча «подкуп» боло берет

    Шайлоодо добуш сатып алуулар элдин жашоосу оңолмоюнча боло берээрин президент Сооронбай Жээнбеков «Би-Би-Си» радиосуна берген маегине билдирди. Ал кошумчалагандай, соңку учурда ушул маселенин үстүндө иштеп жаткан.
     

    «Подкуп маселеси биздин элдин социалдык-экономикалык абалынын начардыгынан. Мына ошону оңдомоюнча өлкөдө подкуп боло берет. Менин негизги иштеп аткан максаттарым азыркы Конституциянын алкагында чектелген укуктарыма карабай, ишимдин көпчүлүк убактысын ошол социадык-экономикалык абалды оңдоого жумшаган болчумун», - деп билдирди президент. 
     

    Жээнбеков өз сөзүндө ЕККУнун байкоочулары менен жолугушууда да шайлоодо добуш сатып алуу негизги маселе катары белгиленгенин жашырган жок.

    Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Бирок анын жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапташтары шайлоонун эртеси митингге чыгып, нааразычылык акция жер-жерлерде башаламандык менен коштолгон. Учурда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

    Өлкөдө өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган бир топ аткаминерлер кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышты.