akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-31-10, 09:15

    Жыл башынан бери Ошто өнөр жай багытындагы 90дон ашык ишкана ачылды

    Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында өнөр жай багытындагы 92 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тогуз айдагы социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды.

    Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, бул аралыкта жалпы 993 жумуш орду түзүлгөн.

    Мындан тышкары, жыйында өнөр жай тармагында жалпысынан 1 млрд 928,4 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлгөнү айтылды. Муну менен быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 611,2 млн сомго көп инвестиция тартылган.

    Белгиленгендей, 2023-жылдын 9 айында 54 ишкана ачылып, 1 млрд 317,2 млн сом инвестиция тартылган.


    Тектеш материалды окуу