akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.07.2024, 07:36

    Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСтерди модернизациялоо максатында айыл чарба техникаларын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн 9 кредиттик линия аркылуу ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Насыялар “Айыл Банк” аркылуу берилүүдө.

    Лизингдик долбоорлордун алкагында, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бардык түрдөгү айыл чарба техникалары жана жабдуулары, айыл чарба өсүмдүктөрүн жамгырлатып жана тамчылатып сугаруу жабдуулары, жеңилдетилген шартта 10 жылдык мөөнөткө жылдык 6% пайыздык чен менен берилет.

    Белгилеп кетсек, техниканы лизингге берүү долбоору ишке кирген күндөн баштап, 16,1 млрд сомго 6 миң 573 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген. Ал эми, жыл башынан бери 2,5 млрд сомго 659 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09