Калкты тейлөө борборлорунда кезектин жаңы системасы ишке кирүүдө

27 мая 2024, 12:55

Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилүүдө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги буга байланыштуу убакытты онлайн режиминде брондогон Early One тиркемеси ишин токтотконун билдирди.

Ага ылайык, мурда берилген бардык талондор ушул жылдын 2-июнунан баштап жараксыз болот.

Ал эми электрондук кезектин жаңы системасы этап-этабы менен ишке ашат. Биринчи этапта талондорду жеринде кызматкерлерден алууга болот. Андан кийин керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландалууда. Жыйынтыктоочу этапта система "Tunduk" тиркемеси менен интеграцияланат жана жарандар кезекке алдын ала жазыла алышат.