Опубликовано
01.12.2023, 08:45Кыргызстанда деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, муну менен пландалган иштер республика боюнча 100% аткарылды.
Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Орусиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынган. Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер үрөндү кол менен чачып, түзүлгөн графикке ылайык мындай иштер күнүнө уланган.