«Элдик Банк» — элге дагы да жакын!

05.06.2024, 10:11 Акчабар
«Элдик Банк» — элге дагы да жакын!

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “РСК Банктын” аталышы “Элдик Банк” болуп өзгөртүлдү. Юстиция министрлигинен кайра каттоо жол-жобосу бүттү. Бул тууралуу “Элдик Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев билдирди.

Белгиленгендей, банктын 100% акциясы Министрлер кабинетине тиешелүү. "РСК Банктын" бардык активдери жана милдеттенмелери “Элдик Банкка” өткөрүлүп берилет.

“Чыныгы элдик банк катары биз өз ишибизди кардарларыбыздын муктаждыктарына багыттайбыз. Биз 2023-жылы баштаган санариптик өзгөртүү процессин улантабыз. Биздин максат – ар бир кардарыбыз үчүн салттуу да, инновациялык да банк продуктуларын жана кызматтарын алууну жөнөкөйлөткөн финтех экосистемасын түзүү”, - деди “Элдик Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы.

Анын айтымында, “Элдик Банк” өлкөнүн бардык жарандары үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана пайдалуу болууну көздөйт.

Финансы секторундагы 27 жылдан ашуун убакыттан бери “Элдик Банк” туруктуу жана ишенимдүү негизде иш алып барууда. Банк өлкөнүн бардык аймактарындагы кардарлардын жашоосун жакшыртуу боюнча ишти улантат жана жеңилдетилген программаларды ишке ашыруу, анын ичинде кардарларга багытталган жашыл каржылоо, акылдуу чечимдерди, финтех инновацияларды жана жаңы стандарттарды ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот.

Кошумчалай кетсек, атын өзгөртүүдөн кийин банктын ребрендинги этап менен жүргүзүлөт.

“Элдик Банк” ААК 1996-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы эң ири банктардын бири. Бүгүнкү күндө банктын уставдык капиталы 11 млрд 401 млн 483 миң 500 сомду түзөт. Финансылык мекеме өзүнүн филиалдык тармагынын көлөмү боюнча лидер жана банктык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөт.

Тэги: Элдик Банк РСК Банк каржы банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть