akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.08.2024, 09:45

    Бүгүн Ысык-Ата районундагы Интернациональная айылында машина-трактордук станция ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    МТСтин карамагында 24 айыл чарба техникасы бар. Тракторлор 3 даана, комбайндары 4 даана, айыл чарба техникалары 17 даана. Бүгүнкү күнү МТС катары кайра уюшулуп, карамагындагы айыл чарба техникалары Чүй облусунун бардык райондорунда дан эгиндерин, жүгөрү, кант кызылчасын жана тоют өсүмдүктөрүн айдап себүүгө, жыйноого катышып келүүдө.

    Аталган МТС мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору менен айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда алып, өзүнүн машина-трактордук паркын толуктап келе жатат. Ал сезондо 2000 га чейин жер аянтын иштетүүгө жетишет.

    Белгилеп кетсек, "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоору башталгандан бери 3 326 460, 32 сом суммасындагы - 1 134 айыл чарба техникасы "Айыл Банк” аркылуу дыйкан-фермерлерге берилген.


    Читать похожее