Опубликовано
12.04.2024, 07:15Казакстандын Улуттук банкы эсептик ченди 14,75% деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жөнгө салуучу органы билдирди.
Белгиленгендей, февраль жана март айларында жылдык инфляциянын төмөндөшү уланган, бирок темп жай болгон.
“Казакстандын Улуттук банкынын Акча-кредит саясаты боюнча комитети базалык ченди +/- 1 пайыздык пункт менен жылдык 14,75% деңгээлинде кармап туруу чечимин кабыл алды”, - деп айтылат маалыматта.