Опубликовано
14.03.2024, 04:10Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн кабыл алынган.
Аталган компания буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.