akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.02.2024, 03:25

    2023-жылы Ооганстан Борбор Азия өлкөлөрү менен 919 млн долларга соода жүргүзгөн. Бул тууралуу ооганстандык Tolonews маалымат агенттиги жазып чыкты.

    Ооган продукциясынын экспорту 78 млн долларды түзгөн:

    • Казакстанга – 32 млн
    • Өзбекстанга — 19 млн
    • Тажикстанга - 19 млн
    • Кыргызстанга – 7 млн
    • Түркмөнстанга – 1 млн

    Борбордук Азия товарларынын импорту 841 млн долларды түздү:

    • Түркмөнстандан – 417 млн
    • Өзбекстандан – 214 млн
    • Казакстандан – 189 млн
    • Тажикстандан - 20 млн
    • Кыргызстандан - 1 млн