«РСК Банктын» аталышы «Элдик Банк» болуп өзгөртүлдү

20.05.2024, 11:22 Акчабар
«РСК Банктын» аталышы «Элдик Банк» болуп өзгөртүлдү

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “РСК Банк” расмий түрдө “Элдик Банк” болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу банктын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, банктын экономикага кошкон салымы өсүүдө. Банк кардарлар менен тыгыз иштөөдө, мындан улам мекеменин атын өзгөртүү чечими кабыл алынды.

“Банктын заманбап ролун, ишке киргизген инновацияларын, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания менен өнөктөштүк негизде ишке ашырып жаткан “Топтолмо ипотека” аттуу уникалдуу социалдык долбоорду иштеп чыгууну эске алуу менен аталышты өзгөртүү чечими кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, “Элдик Банктагы” өзгөрүүлөр биринчи кезекте кыргызстандык жарандар үчүн жаңы инновациялык чечимдердин пайда болушуна, буга чейин колдонулуп келген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган.

“Ошондой эле, жаңы акылдуу чечимдерди колдонууну ыңгайлатууга, финтех инновацияларын ишке ашырууга, финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн толук спектрин алууда каржылоонун жетишсиздиги жана инклюзивдүүлүк маселелерин чечүүгө багытталганын белгилегим келет”, - деп жазган Уланбек Ногаев.

Жалпылап айтканда, банктын атын өзгөртүү каржынын жашоонун бардык тармактарына киришин камтыган “FinLife” миссиясын ишке ашырууга жардам берет.

Тэги: РСК Банк Элдик Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть