Опубликовано
25.04.2022, 06:58Жыл башынан бери “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында 556 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каржылоого Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 1 млрд 347 млн сом жумшалган.
“Турак жай программасын каржылоо башталгандан бери, тагыраак айканда, 2021-жылдын октябрь айынан бери өлкө боюнча 1 миң 288 үй-бүлө үйлүү болуп, бул максатка 2 млрд 914 млн сом акча каражат жумшалды. Учурда ипотекалык компаниянын порталында 36 миң 378 онлайн кайрылуу катталып, анын 11 миң 461и бекитилген. 3 миң 703 кайрылуу банкта автоматташтырылган кезекте турат",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик турак-жай саясатын ишке ашырууну мониторингдөө боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөргөн. Анда "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында сатып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси каралган. Тагыраагы, кеңири талкуунун жыйынтыгы боюнча турак жайдын 1 чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлгөн.