Жарыяланган
2024-28-02, 09:15Кыргызстан менен Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) кызматташтыгынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо долбоору ийгиликтүү аяктады. Бул максатка 24,7 миллиондон 22,4 миллион швейцар франкы (2,5 млрд сомго жакын) бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор 2023-жылы аяктаган.
Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, ГЭСтин техникалык жоготуулары азайган. ГЭСтин орнотулган кубаттуулугун 14%га чейин көбөйтүү менен станциянын ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу камсыз кылынган, ал эми ГЭСтин пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга көбөйгөн.