Жарыяланган
2024-17-06, 09:45Экономика министрлиги кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну дагы алты айга узартууну каалайт. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Маалыматка ылайык, республикада жылына 490 миң тоннага жакын металл сыныктарын талап кылган беш куюу цехи бар.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2023-жылдын январь айынын аягынан тарта сыныктарды, калдыктарды жана кара металлдын куймаларын экспорттоого тыюу салынган.