akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-29-05, 07:00

    Оор жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө убактылуу тыюу салынды

    1-июндан 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

    Салмагы 18 тоннадан ашкан транспорт жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүрө албайт.

    Чектөөнүн жүргүнчү, гуманитардык жардамды, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган жана жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) тиешеси жок.