akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-07, 03:45

    Түрк мамлекеттер уюму логистика боюнча кызматташууну кеңейтет

    Түрк мамлекеттеринин уюмунун алдында "Логистикалык борборлор жана жүк ташуучулар альянсы" түзүлдү. Бул тууралуу аталган уюм билдирди. 

    Бул Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ири логистикалык борборлорунун, жүк ташуучу компаниялардын, жүк терминалдарынын жана портторунун кызматташуусун жакшыртууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө. Альянс логистика, жүк ташуу, инженердик жана консультациялык кызматтарды көрсөткөн юридикалык жана жеке жактарды бириктирет.

    Түрк мамлекеттер уюму альянс мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инвестиция тартуу аркылуу транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жардам берет деп үмүттөнөт.