Жарыяланган
2024-29-05, 09:35Чыгыш автобекетинин имараты шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өттү. Ал бузулбай, архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия анын айланасын көрктөндүрүп, жашылдандырууну пландоодо. Тарыхый жайды эффективдүү пайдаланууну камсыз кылган мурдагы автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу варианттары каралууда.
Эскерте кетсек, буга чейин экс-транспорт башкармалыгынын жетекчиси “Акчабарга” берген маегинде автобекеттин имараттарына калкты тейлөө борборлору жайгаштырыла турганын айткан.