Жарыяланган
2024-19-07, 06:00"Коммерциялык банк Кыргызстан” | MBANK онлайн-кредит берүү акциясын ишке киргизгендигин жарыялайт, анда кардарларга төмөндөтүлгөн 19,99 %дык чен менен насыя алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет.
«MBANK кардарлардын кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коёт. Албетте биз жайкы сезон жана өргүү учурундагы каржы маселелеринин маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондуктан банк 19,99%дык чен менен онлайн-кредит берүү акциясын баштоо менен кардарлардын каржылык максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт», - деп белгилейт Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Кайратбек Суранаев.
Акциянын негизги максаты - кардарлардын керектөөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттар менен насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен насыянын ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрү кыйла жеңил болот, бул сиздин финансыңызды натыйжалуу башкарууга жана пландарыңызды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Онлайн насыя: MBANK тиркемеси аркылуу насыя алуу мүмкүнчүлүгү.
Акция 2024-жылдын 19-июлунан 31-июлуна чейин уланат. Каржылык шартыңызды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, MBANK’тын пайдалуу сунушун колдонуңуз!
Даяр!
MBANK — Биринчи санарип!