akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-03-07, 06:39

    «Куликовский» 2 миң жумуш орундуу завод курат

    Учурда “Куликовский” 2 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кыла турган кондитер фабрикасын куруу үчүн жер издөөдө. Бул тууралуу Суу чарба жана өнөр жай министрлигинин башчысы Бакыт Төрөбаев бүгүн сүт өндүрүүчүлөр менен жолугушууда билдирди.

    Төрөбаевдин айтымында, “Куликовскийдин” жетекчисине Казакстанда завод куруу сунушу түшкөн. 

    “Бирок биздин сүттүн даамы башка болгондуктан, ал Кыргызстанга завод курууну чечти. Бирок, тилекке каршы, дыйкандар сапатты жогорулатуу боюнча иш алып барышпайт, антибиотиктерди өтө көп пайдаланган фактылар бар”, - деди ал. 

    Ошондой эле ал, сүттүн сапатын жоготпоо керектигин, дыйкандар кооперативдерге биригиши зарылдыгын кошумчалады.