akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-07, 09:40

    Кыргызстан этти көбүрөөк өндүрө баштады

    Жыл башынан бери Кыргызстанда бардык категориялардагы чарбаларда 95,8 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563 тоннага же 0,6 пайызга көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Өлкөдө эт өндүрүүнүн жогорулашы айыл чарбадагы малдын көбөйүшүнө байланыштуу.  

    Белгилеп кетсек, 2023-жылдын аягына карата өлкөдө ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң башка, кой жана эчкинин саны 15,1 миң башка, ал эми жылкынын саны 8,5 миң жана үй канаттуулардын саны 620,0 миң башка өскөнү байкалган. 

    Ошондой эле, 2024-жылдын январь-март айында республикада 2882,8 миң тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5408 тоннага же 1,9 пайызга сүт көп.  

    Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү, саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашына байланыштуу. Буга кошумча уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 9,7 кг көбөйүп 350,7 кг түздү.