Жарыяланган
2024-18-06, 05:05Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болуп ААК "Коммерциялык Банк Кыргызстан" | MBANK авиабилеттерди брондоо кызматын ишке киргизди.
Жаңы кызмат кардарларга MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу авиабилеттерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. MBANK Кыргызстандагы авиабилет сатып алуу кызматын өзүнүн банктык тиркемесине киргизген биринчи банк болуп саналат.
MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев MTravel жаңы кызматы тууралуу буларга токтолду:
"MTravel кызматын ишке киргизүү — бул биздин кардарлар үчүн бардык керектүү кызматтарды бир жерге бириктирген санариптик экосистеманы түзүү боюнча стратегиябызды ишке ашыруудагы маанилүү кадам. Биздин максат – саякатты пландаштыруу процессин мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. Авиабилеттерди сатып алуу кызматын банк тиркемесине интеграциялоо тез брондоо, коопсуз төлөө жана атайын сунуштарга ээ болуу үчүн кардарларга уникалдуу артыкчылыктарды берет.
MTravel кызматынын негизги артыкчылыктары:
Жаңы кызматты пайдалануу үчүн MBANK мобилдик тиркемесинин акыркы нускасын жаңыртып туруу жетиштүү. Эми сиз "Кызматтар" бөлүмүнөн MTravel жаңы пунктун таба аласыз, авиабилеттерди издеп жана брондоону баштасаңыз болот.
Тиркемени App Store жана Google Play аркылуу жүктөп алууга болот.
MBANK – Биринчи санарип!
КР УБнын лицензиясы №014.