Жарыяланган
2021-18-10, 04:09Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менчиктештирилген мамлекеттик ишканаларга баа берүүнү көздөп жатат. Баалоо кызматтарын сатып алуу үчүн 4,5 миллион сом жумшалат.
"АЛЬФА ТЕЛЕКОМ" ЖАКнын (Megacom соода маркасы) 100% акцияларын баалоо үчүн 3 миллион сом сарпталат, 1 миллион сом "ЕВРАЗИЯЛЫК САКТЫК БАНКЫ" ААКсынын мамлекеттик үлүшүнүн 76,56% ын баалоого бөлүнөт.
"Кепилдик фонду" ААКнын 14% дан ашык акцияларын баалоо 500 миң сомду түзөт.