Жарыяланган
2023-02-02, 08:50“Текстил Транс” ЖЧКсы облигация ээлерине төлөнгөн сумманы жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Кошулган кирешенин суммасы 3 миллион 343 миң 737 сомду түзүп, 112 облигация кармоочуга бөлүштүрүлгөн.
Маалым болгондой, буга чейин 82 баалуу кагаз кармоочу 3 миллион 319 миң 611 сом өлчөмүндө төлөм алган. Калган 30 облигация ээси жок болгондугуна байланыштуу төлөй албай калган.