Жарыяланган
2024-06-06, 11:20Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлду. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш-чара Пекинде өттү.
Бул документ “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экени жана проектти аяктоого бекем негиз болору белгиленди.
Макулдашууга ылайык, темир жол Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.
Курулуш Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат деп күтүлүүдө. Муну менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланары айтылган.