akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-19-12, 16:04

    Бишкекте ресторан бизнеси кандай өзгөрүүдө? Good coffee’нин ээси менен маек

    2006-жылы Кыргызстанда алгачкы кофеканалардын бири ачылган. Аталган жай кофе маданиятын сиңирген алты үстөлү бар чакан, жайлуу мекеме. Биз Good coffee’нин негиздөөчүсү Зульфира Хайбуллина менен пандемия учурунда жеткирүү кызматы ресторан бизнесин кантип сактап калганы жана инновациялар коомдук тамактануу тармагына кандай таасир тийгизгени тууралуу маектештик. 

    Good coffee’нин негиздөөчүсү Зульфира Хайбуллина Парижге болгон сапарында кофекана ачууну чечкен. Тагыраагы, ал калган мейманкананын жанында кичинекей, жылуу кофе дүкөнү бар болчу, анын ээлери кардарларды өздөрү кабыл алышкан. Ал Бишкектеги жаңы форматтагы мекеменин прототиби болуп калды.

    — Бишкекте пионер болуп, мындай жай ачуу кыйынбы?

    — Ал кезде колумда кофе майдалагыч, латте стакан, башка өлкөлөрдөн келген кооз идиш-аяктар гана бар болчу. Бул жерде кофе жок эле. Мен тапкан эң жакын италиялык сорт Алматыда бар эле. Биз даамдуу суусундукту кайнатканды үйрөндүк, ал эми келгендер сортторду, даамдарды жана куурууну түшүнүүнү үйрөнүштү. Биринчи кардарлар кара кофе менен сүт кошулган кофеге гана буйрутма беришкен, биз аларга дагы кандай түрлөрүн жасап көрсө болорун түшүндүрдүк. Бүгүнкү күндө алыскы райондордун жашоочулары да жолдон башка мекеме-ишканалардын жанынан өтүп, бизден кофе ичип кетишет. Ал эми биз концепциябызды өзгөртпөйбүз, негизги продукты кофе болгон классикалык мекеме бойдон калууда, ал эми калганынын баары – эртең мененки тамактар, түшкү тамактар, десерттер – бул жөн гана кошумча.

    — Сиздин буга чейин үч кофеканаңыз бар болчу, азыр бирөө гана калды. Эмнеге? 

    — Адамдар өздөрүн үйдөгүдөй сезиш үчүн дайыма үй ээси болуп, конокторду тосуп алуу керек. Мен бир убакта үч жайга жетише албастыгымды түшүндүм. Кошумчалай кетсек, биз дагы башка көптөгөн адамдардай эле кризистен, коронавирустан жабыркадык.

    — Пандемияны кандай өткөрдүңүз?

    — Баары үйдө отурганда, биз да жабык болчубуз. Ал кезде кондитердик цех иштебей, кофе дандары гана жеткирилип турган. Бул кызмат бүгүнкү күнгө чейин бар. Бирок көбүнчө кардарлар торт жеткирүүгө буйрутма беришет. Адамдар кофе дүкөнүндө кофе ичкенди жакшы көрүшөт. Чыныгы ырахатты ысык суусундуктан гана алууга болот деп да ишенем. Заманбап технологиялар бизге буйрутмаларды мүмкүн болушунча тезирээк жеткирүүгө мүмкүндүк берет, алар керектөөчүгө ысык жетет. 

    — Пандемия Кыргызстандын азык-түлүк жеткирүү рыногун өнүктүрүүгө түрткү болду деп айта алабызбы?

    - Ооба, албетте. Пандемияга чейин тамак-аш жеткирүү буйрутмаларына суроо-талап аз болгон. Катуу чектөөлөрдү киргизүү менен ресторан бизнеси кирешенин жок дегенде бир бөлүгүн сактап калуу үчүн онлайн заказ берүү багытын активдүү өнүктүрө баштады. Жада калса жеткирүү кызматы жок мекемелер да аны ишке ашырып, чектөөлөр алынгандан кийин сактап калышкан. Ал эми кардарлар бул ыңгайлуу, тез жана ар кандай турмуштук кырдаалдарда керек экенин түшүнүштү. Анын үстүнө, биздин тыгындар менен кээде өзүң бир жакка баргандан көрө үйүңө же кеңсеңе тамак буйрутма берүү оңой.

    — Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн суроо-талабына жараша кафе-ресторандардан даяр тамактарды жеткирген компаниялардын саны өсүп, эл аралык бренддер рынокко чыгууда. Рынокто көп сандагы күчтүү оюнчуларга ээ болуу моделинин эмнеси жакшы деп ойлойсуз? Эмне үчүн бул бизнес үчүн да, кардарлар үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн?

    — Өздөрү менен технологияларды гана эмес, эл аралык тажрыйбаны жана рыноктун стандарттарын алып келген оюнчулардын пайда болушунун өзү бул тармакка оң таасирин тийгизет. Керектөөчүлөр үчүн бул тандоо мүмкүнчүлүгү - биз салыштырып, бизге эң ылайыктуу кызматты тандай алабыз. Жана, албетте, бул учурдагы суроо-талапты жана кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу - түшкү тамак менен курьерди көп күтпөйсүз жана тамак дайыма ысык болот.

    — Кыргызстандын тамак-аш жеткирүү тармагынын келечегин кандай божомолдойсуз?

    — Азык-түлүк жеткирүү рыногу мындан ары да өнүгүп, технологиялар бул процессти жөнөкөйлөтүп, аны ого бетер ыңгайлуу, мобилдүү жана ийкемдүү кылат деп ишенем. Бизде ыңгайлуулукту жана ылдамдыкты баалаган жаштардын пайызы жогору. Жаштар технологияны абдан жакшы билет жана күнүмдүк жашоодо онлайн платформаларды колдонууну артык көрөт. Колдонмого кирип, буйрутма берсеңиз, жарым сааттан кийин ысык түшкү тамак сиздин эшигиңизде болот — эч ким менен сүйлөшүүнүн кереги жок. Ошондуктан, онлайн буйрутмаларга суроо-талап өсө берет.


    Тектеш материалды окуу