akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-08-08, 03:36

    Дем берүүчү гранттардын эсебинен Жалал-Абадга 24 млн сом сарпталды

    Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 7 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 24,0 млн сом суммасында 34 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

    Белгиленгендей, Тогуз-Торо району - 0,9 млн сом, Сузак району - 3,9 млн сом, Аксы району - 3,8 млн сом, Токтогул району - 0,9 млн сом, Ала-Бука району  - 4,2 млн сом, Ноокен району - 4,0 млн сом, Базар-Коргон району - 2,5 млн сом, Жалал-Абад шаары - 1,6 млн сом, Майлуу-Суу шаары - 2,2 млн сом жумшалган.   

    Анын ичинен, 8 мектепке – 4,8 млн сом; 1 саламаттыкты сактоо мекемелерине – 0,4 15 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 12,3 млн сом; 3 спорттук курулуштар – 2,1 млн сом; 5 маданий маанидеги объектилерге – 3,2 млн сом; 2 бала бакчаларга – 1,2 млн сом сарпталган. 

     


    Тектеш материалды окуу