Жарыяланган
2022-11-01, 10:57Ушул жылдын январь айынан тарта жеке ишкерлер салык отчетторун милдеттүү түрдө электрондук документ түрүндө өздөрүнүн “жеке кабинети” аркылуу тапшыруулары керек.
Буга байланыштуу Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди отчет тапшыруу үчүн өздөрүнүн “жеке кабинетине” кирүүгө чакырат.
Толугураак маалыматты 116 номери аркылуу же сайттан алууга болот.