Жарыяланган
2021-07-05, 06:00Иш учурунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1 миң 165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 243 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
[news 27823]
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин медициналык кызматкерлер компенсация төлөөгө байланыштуу митингге чыгышкан.