akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-06-09, 09:57

    «Салым Финанстын» артыкчылыктуу акциялары 15,1 млн сомго сатылды

    Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында "МК Салым Финанс" ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен эки бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

    Алгачкы базардагы сооданын жыйынтыгында 15 миллион 150 миң сомго 15 миң 150 даана акция сатылды. Акциянын баасы 1 миң сомду түздү.

    Эске салсак, Кыргыз фондулук биржасындагы сооданын олуттуу көлөмү — 46,4% "Салым Финанстын" артыкчылыктуу акциялары менен бүтүмдөр түзгөн.