akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-04-08, 09:43

    «Uzbekistan Airways» Ташкент — Бишкек багыты боюнча каттамдарды көбөйтөт

    3-августта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев «Uzbekistan Airways» авиакомпаниясынын жетекчиси Шухрат Худайкулов менен жолугушту. 

    Маалыматка ылайык, алар жарандык авиация тармагындагы маселелерди талкуулашты. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы каттамдардын географиясын кеңейтүү жана эки өлкөнүн улуттук каттамдарынын санын көбөйтүүнү талкууланды. 

    “Өзбек тарапка Самарканд-Тамчы-Ош-Ташкент багыты боюнча жаңы сезондук аба каттамдарын ачуу сунушталды”, - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

    Өз кезегинде авиакомпаниянын жетекчилиги Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча каттамдарды көбөйтүүнү пландап жатканын билдирди.