Жарыяланган
2022-01-09, 04:57Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардинова Саха (Якутия) Республикасынын тышкы байланыштар жана элдеринин иштери боюнча министрдин орун басары Сергей Хатылыков менен ноябрда Бишкекте “Кыргызстан – Якутия” бизнес форумун өткөрүүгө макулдашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары тараптар импортту алмаштыруу жана биргелешкен ишканаларды ачуу маселесин талкуулашты.
Сергей Хатылыков ошондой эле жашылча-жемиштерди, тери жана айыл чарба продукцияларын жеткирүүгө кызыктар экенин билдирди.
Өз кезегинде Нуржан Бардинова алдыдагы бизнес-форум ишкер чөйрөлөр ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү болорун, ошондой эле экономикада бир катар долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөрүн айтты.