akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.04.2024, 08:55

    Жалал-Абад облусундагы "Арстанбап" пансионаты менен "Арстанбап-Ата" турпансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

    Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен аталган эс алуу жайларына жаңы дем берилет.

    "Профсоюздар федерациясынын карамагындагы дээрлик баардык эс алуу жайлар талкаланып, жараксыз абалга келген. Биздин миссия инвестициялык долбоорлор же өз күчүбүз менен заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, пайда алып келе турган даражада эффективдүү иштеп кетүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет", - деди Туманбаев.


    Читать похожее