Опубликовано
14.12.2023, 08:56“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын сатып алууларынын көлөмү учурда 700 млн сомду түзөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медер Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар үчүн 10 млн сомго стенддер, 250 млн сомдон ашык суммага онкологиялык препараттар, 8 млн сомго 100 эндопротез, кант диабети менен ооругандар үчүн инсулиндин толук көлөмү, орган трансплантацияланган пациенттер үчүн зарыл болгон иммуносупрессанттардын толук көлөмү сатып алынды.