Опубликовано
16.05.2024, 04:10Кыргызстан менен Кытай “Бедел” бекетин ачуу боюнча талаа иштерин баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жумушчу топ аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Ошондой эле Барскоон-Учтурфан-Аксуу унаа жолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.
Белгилеп кетсек, учурда кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар.