Опубликовано
14.07.2020, 11:00Жыл башында экономика тармагындагы адистер бюджетке 30 млрд сомдой каражат түшпөй калгандыгын божомолдогон. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
[news 26106]
«Бүгүнкү күндө бюджетке түшпөй калган каражаттардын көлөмү 12.5-13 млрд сомго жетти. Бул кырдаалдан улам донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Каражаттар кайсы тармактарга багыттала тургандыгы келишимдин шарттарында айтылат. Андан сырткары, бюджетти колдоого каражаттар бар. Каражаттар бийлик өкүлдөрүнүн гана айлык акысына сарпталат деп айткан туура эмес. Алар дагы Кыргызстандын жарандары. Андан сырткары, бул каражаттардын эсебинен дарыгерлерге айлык төлөнөт, пенсиялар жана пособиялар берилет»,-деди ал.