akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.05.2024, 10:00

    Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды.

    Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жактарга эс алуу жайларын жана туризм инфраструктурасын убактылуу пайдалануу укугу берилиши мүмкүн. Бирок аларга жер тилкелери сатылбайт.

    Депутаттар мындай өзгөртүүлөр чет элдик капиталдын агымына шарт түзүп, Ысык-Көлдүн курорттук аймагын өнүктүрүүгө жардам берет деп эсептешет.

    Талкууда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, демилгечилердин бири Балбак Түлөбаев жер тилкелери эмес, эс алуу жайлары гана сатылып жатканын баса белгиледи. Талайбек Масабиров, Жаныбек Кыдыкбаев жана башка депутаттар киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү колдошту. Мыйзамдын демилгечилери – депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков.


    Читать похожее

    • 30.05.2024, 04:00:51