Опубликовано
23.07.2024, 05:27Данияр Сатаров Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бүгүн, 23-июлда ал шаардын жамаатына жана активисттерине тааныштырылды.
Сатаров 1988-жылы 11-майда Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин англис тили мугалими адистиги боюнча аяктаган.
Буга чейин райондук администрацияда ар кандай кызматтарды аркалаган.