akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.05.2024, 06:38

    2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 3 млрд 723 млн 900 миң долларды түздү. 2023-жылдын биринчи үч айына салыштырмалуу тышкы сооданын көлөмү 29,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

    Экспорттук жеткирүүлөр 510 млн 900 миң долларды түзүп, 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 12,8%га өстү.

    Импорттук товарлар 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 33%га көбөйүп, баасы 3 млрд 213 млн долларды түздү.

    Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 13,7 пайызды, импорт 86,3 пайызды түздү.

    Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 23,3%ды, анын ичинде экспортто 38,4%ды, импортто 20,9%ды түздү.

    Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы соода 76,7%ды, анын ичинде экспортто 61,6%ды жана импортто 79,1%ды түздү.


    Читать похожее