akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.05.2024, 11:15

    Ош облусундагы Б.Сыдыков атынагы кыргыз-өзбек университетинин деканынын орун басары студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинде 27-29-майда Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик сынак өткөн. Факультеттин деканынын орун басары Д.Д. уулу сынактык комиссиянын 5 мүчөсү менен сүйлөшүп алып, студенттердин сынакты тапшыруусуна бут тосуп, ар биринен 1,5 миң сомдон акча талап кылышкан.

    Алдын ала эсеп боюнча эки күн ичинде студенттерден 300 миң сомго жакын акча чогултулган.

    28-майда “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Д.Д. уулу УКМК тергөө абагына камакка алынган.

    Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды териштирүү иштери жүрүүдө


    Читать похожее

    • 30.05.2024, 05:15:57
    • 04.10.2023, 05:00:44
    • 23.10.2019, 02:23:23