Опубликовано
09.05.2024, 11:00Жогорку Кеңеш 8-майда “Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Аталган мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген. Анда Улуттук банк 2023-жылы тапкан 100% пайдасын республикалык бюджетке которуп берери каралган. Ал бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жасалууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 2023-жылы 9,9 млрд сом пайда тапканы кабарланган.