Жарыяланган
2022-21-02, 11:37Сузакта бажы кызматкерлери наркы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Бажы кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак айылында кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.
"Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт",- деп айтылат маалыматта.
Бул факт каттоо алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.