akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-17-03, 11:51

    Ош базарда 3,4 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки тартып алынды

    Бишкектеги Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

    Жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан. Анын жалпы суммасы 3,4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.

    Мындан тышкары, субъектте продукцияга уруксат берүүчү документтер, анын ичинде шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башкалары болгон эмес.

    Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.

    Белгиленгендей, ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.